07:18 20 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.3240
  • RUB1.0953
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Ташкентте жолукту.

Абылгазиев менен Мирзиёев кыргыз-өзбек чек арасын талкуулашты

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Азия
Кыскача шилтеме алуу
206 0 0

Өзбекстандын борбор калаасында Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин өкмөт башчылары кеңешинин жыйыны өтмөкчү.

ТАШКЕНТ, 1-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Ташкентте жолукту.

Өкмөт башчы ШКУ мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Өзбекстанга келген.

Тараптар эки мамлекеттин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарынын келечеги жана кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу пикир алышты.

Мирзиёев жогорку деңгээлдеги эки тараптуу  жолугушуулар эки өлкөнүн кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарганын белгиледи. Мындан сырткары, чек ара маселесин чечүүдө активдүү жасалып жаткан аракеттерге токтолуп, өзгөчө чек ара аймагында жашагандар анын жыйынтыгын сезип жатканын айтты.

Өзбек президенти ошондой эле Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго салам жолдоду.

Өз кезегинде Абылгазиев эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык, агро-өнөр жай жана маданий-гуманитардык байланыштар учурда жакшы жолго коюлуп жатканын билдирди.

"Чек арага жакын жайгашкан облустар кызматташууда жакшы үлгү көрсөтүп жатат. Жакында эле Ош — Анжиян, Ош — Фергана, Кызыл-Кыя — Фергана багыты боюнча автобустар каттай баштады. Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын ишин канааттануу менен белгилегим келет. Мамлекеттик чек араны тактоо ишин аяктоо үчүн аны тездетүүнү сунуштайм", — деди Абылгазиев.

Белгилей кетсек, 2016-жылдан бери Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар айлануунун көлөмү үч эсе өскөн.

Тема боюнча

Премьер баштаган аткаминерлер Ташкентке учту. Коштоп кеткендердин тизмеси
Белгилер:
Шавкат Мирзиеев, Мухаммедкалый Абылгазиев, чек ара, Өзбекстан, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ