07:53 20 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.3240
  • RUB1.0953
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев үй бүлөсү менен. Архив

Мирзиёевдин күйөө баласы аялы экөөнүн 12 жыл мурдагы сүрөтүн жарыялады

© AP Photo / Anvar Ilyasov / Pool
Азия
Кыскача шилтеме алуу
409710

Өзбекстан лидеринин күйөө баласы социалдык тармактагы баракчасына жубайына арнаган сөздөрүн жазып, бир нече сүрөттөрүн койгон. Алардын арасынан чоңоюп келе жаткан үч кызын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин күйөө баласы Отабек Умаров келинчеги Шахноза Мирзиёева менен 12 жыл мурда түшкөн сүрөтүн жарыялап, бул датага арналган пикирин жазган.

Аны Instagram баракчасынан окуп, көрүүгө болот.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Otabek Umarov (@otabek_muhammadalievich)

"Бул биздин 12-күз, анда жылуулук бар. Бул күн биздин тагдырды кошкон. Бири-бирибизден алыста жүрүп, арабызды командировка — шаарлар менен өлкөлөр бөлүп турган учурларда да биргебиз. Кээде талашып-тартышып, бири-бирибизди түшүнбөй да кетебиз. Анда да биргебиз. Жазса бир роман чыга турган тарыхыбыз, окуяларыбыз арбын. Башкысы жашообузда биздин сүйүүбүз, бири-бирибизге болгон жылуулугубуз, назик сезимдерибиз жана берилгендигибиз орун алган", — деп жазган ал жубайына.

Ал өзүн дүйнөдөгү эң бактылуу күйөөлөрдүн бири деп эсептерин айтып, үйүнө келгени, үч кызынын күлкүсүн укканы бакыт экендигин баяндаган.

Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёевдин кичүү кызы Шахнозанын жолдошу Отабек Умаров учурда президенттин күзөт кызматынын жетекчисинин орун басары.

Тема боюнча

Мирзиёевдин кичүү кызы Шахноза кызматын алмаштырып, жетекчи болду
Мирзиёевдин күйөө баласы күңүрттөлгөн автоунаалар жөнүндө кескин айтты
Белгилер:
үйлөнүү, Шавкат Мирзиеев, Өзбекстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ