Нур-Султан менен Алматыда митингге чыккан 26 киши кармалды

© REUTERS / Mariya GordeyevaКазакстандагы митинг. Архив
Казакстандагы митинг. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин эгер кимде-кимдин мыйзамсыз акцияга катышканы аныкталса, 15 суткага камалып, 323 доллар айыпка жыгылары айтылган.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Казакстандын Ички иштер министрлиги Нур-Султан менен Алматыда мыйзамсыз негизде митинг өткөрүүгө аракет жасаган 26 жаран кармалганын маалымдады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ҚАЗАҚПЫЗ ҒОЙ😎 ВСЕ О КЗ!🇰🇿 (@qazaqpyz__goi)

Ведомствонун маалыматына караганда, ишемби күнү, 26-октябрда, Нур-Султан менен Алматы шаарларында мыйзамсыз митингдерди өткөрүү аракети болгон.

"Башкы прокуратуранын көп жолку эскертүүлөрүнө карабастан кээ бир жарандар мыйзамдуу талаптарды аткаруудан баш тартышты. Учурда полицияга 26 киши алып келинди. Аларга административдик чара көрүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Профилдик ведомство жарандарды провокацияга алдырбоого жана экстремисттик уюмдардын акцияларына катышуудан баш тартууга чакырды.

Түтүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстандан Кыргызстанга күн сайын 100 тонна бензин агып келип турган түтүк табылды
Буга чейин Башкы прокуратура "Казакстандын демократиялык тандоосу" аттуу экстремисттик уюмдун мыйзамсыз акцияларына катышкан жарандарга катуу чара көрүлөрүн эскерткен. Эгер кимде-кимдин мыйзамсыз акцияга катышканы аныкталса, Казакстандын административдик эреже бузуулар кодексинин 488-беренеси менен 15 суткага камалып, 323 доллар айыпка жыгылары айтылган.

"Казакстандын демократиялык тандоосу" — Казакстанда тыюу салынган экстремисттик уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0