Токаевдин жалгыз уулунун сүрөтү жарыяланды. Ал тууралуу эмне белгилүү?

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүКазакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым маалыматтар боюнча президенттин уулунун компаниясы көмүр суутектүү чийки заттарды казуу менен алектенет. 2012-жылы кирешенин көлөмү 21,3 миллион долларга чейин өскөн.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Блогер Ербол Едилов Telegram-каналына Казакстандын  башчысынын жалгыз уулунун сүрөтүн жүктөдү.

Sputnik Казакстан агенттигинин жазышынча, Тимур Токаев — Касым-Жомарт Токаевдин жалгыз уулу, 1984-жылы төрөлгөн. Ачык булактарда ал тууралуу маалыматтар аз.

Что сказал Жээнбеков президенту Азербайджана о его дочери — видео встречи - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Азербайжан президентинин кызына ыраазы болду. Видео
2009-жылы анын "Казакстан Республикасынын Батыш мамилесине карата стратегиясы: улуттук кызыкчылыктар, артыкчылыктар, багыттар" аталышындагы диссертациясын жактаганы маалым.

Тимур — саясий илимдердин кандидаты жана ишкер. Алты жыл мурда "Аби Петролеум Кэпиталдын" түзүүчүлөрүнүн бири экендиги айтылган. Компания Атырау облусунун Грядовое кенинен көмүр суутектүү чийки заттарды казуу менен алектенерин жазышкан. 2012-жылы кирешенин көлөмү 21,3 миллион долларга чейин өскөн. Тимур Токаев — өзүнүн чоң атасы, белгилүү жазуучу Кемел Токаев атындагы кайрымдуулук фондусунун түптөөчүсү.

Касым-Жомарт Токаев ажырашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0