ЖМК: Өзбекстанда XVI кылымдагы Куранды 150 миң долларга сатмак болушкан

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүФестиваль Корана
Фестиваль Корана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кол жазма абдан баалуу болгондуктан аны өлкөнүн аймагынан чыгарып кетүүгө тыюу салынган. Ыйык китеп кыргызстандыктын колуна мыйзамсыз жол менен тийип калышы мүмкүн эле.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Өзбекстандын Фергана облусундагы коопсуздук боюнча мамлекеттик башкармалыгы Курандын уникалдуу нускасын Кыргызстан жаранына сатуу аракетин билип калып, токтотту. Бул туурасында "Өзбекстан 24" телеканалы билдирген.

Видеосюжет Youtube каналына жарыяланды.

Китепти 150 миң долларга сатмакчы болушкан. Шектүү катары кармалган жарандын 49 жашта экендиги маалымдалды. Анын айтымына караганда, китепти үйүнөн Кокондогу досуна алып келип, ал жерден кыргызстандык жаран менен таанышып калган. Кеп аны сатуу боюнча уланып кеткен. Кармалган адам бул кылыгы үчүн өкүнүп жаткандыгын айтты.

Золотые слитки Pro Aurum в Мюнхене - Sputnik Кыргызстан
Ташкенттин аэропортунан 14 даана алтын куймасын жутуп алган киши кармалды
Акча колуна тийген соң киши бул баалуу китепти Кыргызстанга кыска жол менен жеткирип бермек болгон.

Адистер кол жазма түрүндөгү, барактарына алтын жалатылган, Самарканд каллиграфиясынын стилиндеги бул эмгекти 1,88 миллиард сум (болжол менен 200 миң доллар) деп баалаган.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен XVI кылымда жазылган текстти формага Юсуф Саххоф молдо келтиргендигин айтышкан. Кийинчерээк, XIX кылымдын аягында, XX кылымдын башында Куран реставрацияланган.

Кол жазма абдан баалуу болгондуктан аны өлкөнүн аймагынан чыгарып кетүүгө тыюу салынган. Реликвия Өзбекстандын мамлекеттик музейине өткөрүп берилмекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0