Ордума калтырчу адамды туура тандаганымда күмөнүм жок. Назарбаевдин билдирүүсү

© Sputnik / Владислав ВодневПервый президент Казахстана Нурсултан Назарбаев
Первый президент Казахстана Нурсултан Назарбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстанды дээрлик 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев 20-мартта кызматын өткөрүп берген. Анын ордуна парламент сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев келген.

БИШКЕК, 12-окт. - Sputnik. Казакстандын биринчи президенти өлкөгө өзгөрүүлөр жана жаңы адамдар керек болуп жаткандыгын сезип, кызматын тапшырган. Бул тууралуу Нурсултан Назарбаевдин “Хабар” телеканалына берген маегине таянып Sputnik Казакстан жазды. 

Өлкөнү дээрлик 30 жыл башкарган Назарбаев 20-мартта кызматын өткөрүп берген. Ордуна парламент сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев келген.

"Элдин кайсы бир бөлүгү, балким, бир эле адамдын башкаруусунан тажады болушу керек. Экинчиден, эч нерсе ордунда турбайт. Жаңылануу, жаңы жүздөр керек болчу. Анткени ар бир жаңы кадр өзүнүн салымын кошот. Мен бардыгын терең ойлонуп туруп кылгам. Ордума таштап кеткен адам үчүн өкүнбөйм”, — деди Назарбаев.

Президент РФ В. Путин встретился с представителями деловых кругов Германии - Sputnik Кыргызстан
Нурсултан Назарбаевдин ролун аткарган актёр депутат болду
Ошондой эле президент өлкө лидери кандай сапаттарга ээ болушу керектигине токтолгон. Анын айтымында, жетекчинин энергетикасы күчтүү болушу зарыл.

“Өлкөнүн жетекчиси дайыма ат үстүндө, эл алдында болушу керек. Анын энергетикасы күчтүү болушу шарт. Эгер мен ата-энемден ошондой энергетиканы ала албай калган күндө башымдан өткөн тоскоолдуктарды жеңе албасам керек”, — деди экс-президент.

Ага катар казак эли өз тарыхында болуп көрбөгөндөй жакшы турмушту башынан кечирип жатканын айтты.

“Казак эли азыркыдай жашап көрө элек болчу. Ким миллиондукка айланган биздикиндей борбор калааны курду?” — деген суроо узатты Назарбаев.

Мындан тышкары, ал “өлкөдө кош бийлик жүргүзүлүп жатат” деген кептерди төгүндөдү. Мурдагы президенттин пикиринде, бул жөн гана өлкөдөгү стабилдүүлүктү бузгусу келген жактардын бузукулугу.

Жаңылыктар түрмөгү
0