Токаев КМШга шенген сыяктуу виза киргизүүнү сунуштады. Пайдасы эмнеде?

Жазылуу
Токаев КМШга кирген мамлекеттердин улуттук виза жана миграциялык режимдери бир кыйла айырмалана турганын айтты. Бул өз кезегинде уюмга кирген мамлекеттерди кыдырам деген чет элдик туристтер үчүн ыңгайсыздык жаратат.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев КМШга мүчө мамлекеттерге "шенген" сыяктуу бирдиктүү виза режимин киргизүүнү ойлонуп көрүүнү сунуштады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Токаев долбоорду "шериктештик визасы" деп атоого болорун айтты. Ал Ашхабадда өтүп жаткан КМШга мүчө мамлекеттердин президенттеринин кеңешинин жыйынында сүйлөп, шериктештикке кирген мамлекеттердин туризм жаатындагы потенциалы жогору экенин белгиледи.

"Тилекке каршы, улуттук виза жана миграциялык режимдерде көп айырма бар. Ал өз кезегинде КМШга кирген мамлекеттерди кыдырууга кызыккан чет элдик туристтер үчүн бир топ ыңгайсыздык жаратууда. Албетте, бул оор, ошентсе деле КМШнын аймагында шенген сыяктуу бирдиктүү виза киргизүүнү карап көрөлү. Аны "Шериктештик визасы" деп атасак болот", — деди Токаев.

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине Россия, Казакстан, Азербайжан, Армения, Белоруссия, Молдова, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстан кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0