Ата-энеси билбептир! Шымкентте баланын ашказанынан мык табылды

© AFP / Martin BUREAUМык. Архив
Мык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бөбөктү ооруканага алып келгенде ак халатчандар башка ооруну дарылайбыз деп жатып, ашказандагы мыкты кокусунан таап чыгышкан.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Казакстандын Шымкент аймагында дарыгерлер мык жутуп алган бөбөктүн өмүрүн сактап калышканын Sputnik Казакстан жазды.

Ата-энеси чүрпөсүн ооруканага мууну ооруп жатат деп алып келип, бирок дарыгерлер рентгенге тартып жатып, башка нерсе таап алышкан.

Шымкенттин Саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматына караганда, бала ойноп жатып, мыкты кокусунан жутуп алган. Үйдөгүлөр аны байкаган эмес. Бөбөктү ооруканага алып келгенде ак халатчандар башка дартты издеп жатып, анын ордуна ашказандан мык тапкан.

"Бөбөктүн ата-энеси медиктерге башка оорудан улам кайрылган. Ортопед-адистер рентгенге тартып, ичеги-карынынан темир тапкан. Дароо операция жасалып, баланын өмүрүн сактап калышты. Болбосо мык кичинекейдин органдарын тешип кетиши мүмкүн эле", — деп айтылат маалыматта.

Бөбөк операциядан кийин ооруканада бир апта жатып, үйүнө чыгарылган. Азыр ымыркайдын абалы жакшы экендиги айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0