Өзбекстандык мушкер Грозныйдагы "Тайсон" катышкан турнирден кийин каза тапты

© REUTERS / Jonathan BachmanБывший боец UFC Артем Лобов
Бывший боец UFC Артем Лобов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Грозный шаарындагы мелдеште Нурматов россиялык Беслан Исаевге калыстардын чечими менен утулган. Беттештен кийин мушкер инсультка кабылып, ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Өзбекстандык ММА мушкери Бекзод Нурматов Чеченстандагы ACA 100 турниринде беттешкенден бир нече күн өткөндөн кийин каза тапканын sports.uz. басылмасы жазды.

Маалыматта 4-октябрда Грозный шаарындагы мелдеште Нурматовдун россиялык Беслан Исаевге калыстардын чечими менен утулганы айтылат. Беттештен кийин ал инсультка кабылып, ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алган эмес.

27 жаштагы Нурматов карьерасында 11 кармашты утуп, эки ирет жеңилген. Ушул жылдын апрель айында Кыргызстанда өткөн аралаш мушташ боюнча "Баатыр башы" турниринде жеңүүчү аталган. Ошондой эле кармашып урушуу (рукопашный бой — ред.) боюнча дүйнө чемпиону жана дүйнө кубогунун ээси.

Белгилей кетсек, Грозныйдагы ACA 100 турниринин алкагында Тайсон каймана аты менен таанымал кыргыз мушкери Канат Келдибеков чеченстандык Дукваха Астамиров менен беттешип, аны калыстардын чечими менен утуп алган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0