16:03 20 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8031
  • EUR77.6699
  • RUB1.0915
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов. Архивдик сүрөт

Бердымухамедов ИИМ башчысын кызматтан алып, сыйлыктарын жоюп салды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков
Азия
Кыскача шилтеме алуу
315 0 0

Муликов министр болуп 2009-жылдын май айынан бери иштеп келе жаткан. 10 жыл ичинде бир нече ирет өлкө башчынын нааразычылыгын туудурган.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов шейшемби күнү ички иштер министри, полициянын генерал-лейтенанты Исгендер Муликовду кызматтан алып, майорго чейин түшүрүп, мамлекеттик сыйлыктарын жокко чыгарып салды. Бул тууралуу түркмөн телевидениесине таянуу менен РИА Новости жазды.

Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы өкмөт менен Коопсуздук кеңешинин чогуу өткөргөн жыйынында кол койгон.

"Бердымухамедов Муликовду кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, укуктарынан аша чаап колдонгону үчүн кызматтан алып жатканын айткан. Президенттин айтымында, Муликов майорго чейин ылдыйлап, бардык мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылмакчы. Өлкө башчы экс-министр буга чейин 12 ирет сөгүш алганын, бирок мындан эч бир жыйынтык чыгарбаганын айткан", — деп жазылат билдирүүдө.

Жаңы ички иштер министри болуп өнөр жай, транспорт жана байланыш маселелери боюнча вице-премьер Мамметхан Чакыев дайындалды.

Тема боюнча

Аялын жашырат, кичүү кызы айтылбайт. Гурбангулы Бердымухамедов тууралуу 10 факты
Белгилер:
сөгүш, ИИМ, министр, Гурбангулы Бердымухамедов

ЭҢ МААНИЛҮҮ