Кыркылык берилбесин! Өзбекстан депутаттары той-аш өткөрүү тартибин сунуштады

© Sputnik / Актан ТемиркановМясо в казане
Мясо в казане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандын Олий Мажилис сенаты жамандык-жакшылыктарды өткөрүүнүн жол-жобосун иштеп чыкты. Тагыраагы, үйлөнүү той менен өлүк көмүү боюнча айтылды.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Өзбекстанда маркумду акыркы жайына узатуу менен үйлөнүү тоюна ашыкча чыгым болбой, көп убакытты албашы керек деп пландап жатышат. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан жазды.

Олий Мажилис аталган иш-чараларды кантип өткөрүү керектиги жазылган Уставды иштеп чыккан.

Массовое церемония бракосочетания в Душанбе - Sputnik Кыргызстан
Айып пулдан качкан тажикстандыктар Баткенге келип дүңгүрөтүп той өткөрүүдө
Анда үйлөнүү тойдон бир жума мурда үлпөт болору тууралуу Махалля комитетине кабарланышы керек. Той бир күнү гана, болгондо да саат 06:00дөн 23:00гө чейин өтүшү кажет. Андан ары создуктуруп жиберүүгө тыюу салынат. Коноктордун саны — 200дүн тегерегинде болгону дурус. Абдан эле болбой бара жатса, санын 250-300гө чыгарганга уруксат. Ал эми үйлөнүү кортежиндеги автоунаа үчтөн ашпайт.

Андан сырткары, тойдо аксакалдарды сыйлоо, куда чакыруу, күйөө баланын курбуларын меймандоо, келинге жасалган септи көрсөтүү жана башка салт-санаа коштобошу керек. Депутаттар муну дагы ашыкча чыгым деп табышты.

Үйдөн өлүк чыкканда аны акыркы жайга узатууга келгендердин санын чектөө туурасында кеп болгон эмес. Бирок маркумду жерге бергенден кийинки иш-чаралар үч күндөн ашык уланбашы жана күрүч басып, тамак берүүнүн кереги жоктугу айтылган.

Мындан тышкары, жетилик, төрттүк, жекшембилик, жыйырмалык, кырктык, айт, жылдык, акча таркатуу, келин көрүү жана башка салт-санаа да жасалбашы шарт.

Бул Устав Олий Мажилистин эки палатасында тең каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0