Алматыдагы поезд менен автобустун кагышуусу. Жаңы жагдайлар жана видео

© Sputnik / Игорь ЗарембоТоржественные мероприятия в честь 55-летия фирменного поезда "Янтарь" в Калининграде
Торжественные мероприятия в честь 55-летия фирменного поезда Янтарь в Калининграде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык 15-сентябрь күнү кечинде болгон. Анын кесепетинен автобустун айдоочусу каза тапканы айтылган.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Темир жолдо туруп калган автобусту кагып кеткен электровоз зыян тартканы менен вагондор рельсиден чыккан эмес. Поезддин кыймылы 1,5 сааттын аралыгында калыбына келтирилди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги кабарлады. 

Эскерте кетсек, 15-сентябрь күнү болжол менен саат 19.20да Шамалган станциясында Екатеринбург — Алматы трассасында жол кырсыгы болуп, поезд 67 жүргүнчүсү менен темир жолдо туруп калган автобусту кагып кеткен. Натыйжада айдоочу каза таап, тогуз кишинин жабыркаганы айтылды.

"Казак темир жолы" ишканасынын билдиргени боюнча, Алматы — Костанай багыты менен келе жаткан поезддин машинисти аны дароо токтотууга аракет кылган.

"Аралык жакын болуп калгандыктан токтото албай койгон. Кагылышуудан автобус жолдун жээгине ыргып кеткен. Ал эми KZ4AC-0010 электровозу зыян тартып, бирок рельсиден чыккан эмес. Поезд бир саат 38 мүнөттөн кийин кайра жолго чыккан, жүргүнчүлөрдүн арасында жабыркагандар жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Столкновения поезда с пассажирским автобусом в Алматинской области - Sputnik Кыргызстан
Алматыдагы поезд менен автобустун кагышуусунан кийинки ызы-чуу. Видео
Окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлүп, иш Транспорт прокуратурасынын көзөмөлүнө алынды.

Акыркы маалымат боюнча, Карасай райондук ооруканасында учурда беш жана үч жаштагы эки бала менен 33 жаштагы аял жатат. Үчөөнүн тең абалы оор болгондуктан реанимацияда экени белгилүү болду.

Ал эми жергиликтүү тургундар кырсык болгон жерге көпүрө курууну талап кылып жатышат. Элдин айтымында, аталган аймакта жол тыгындары жана кырсыктар байма-бай болуп турат. Тургундар менен Карасай районунун акими Жандарбек Далабаев жолугуп, демилгелүү топко акимиатка кайрылууну сунуштады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0