Казакстанда педофилдер өмүрүнүн аягына чейин абакта калышы мүмкүн

Жазылуу
Казакстандын учурдагы мыйзамдарына ылайык, жашы жете электерди кордогондорго эң көп дегенде 20 жылга чейин жаза берилет.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Казакстанда жашы жете электерге сексуалдык кордук көрсөткөндөр өмүр бою кесилиши мүмкүн. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Мурат Ахметжанов билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, Казакстандын президентинин тапшырмасы менен мыйзам долбоору даярдалды. Анда айрым оор кылмыштар үчүн жаза катуулатылган.

"Балдарга карата жасалган бардык сексуалдык мүнөздөгү кордоолорго чаралар катуулады. Эми жаш балдарды кордогондор өмүр бою кесилип же 20 жылдан кем эмес жазага тартылат", — деди Ахметжанов.

Ал ошондой эле балдарга жасалган сексуалдык кордукту жашыргандар да жоопко тартыла турганын кошумчалады.

Казакстандын учурдагы мыйзамдарына ылайык, жашы жете электерди кордогондорго эң көп дегенде 20 жылга чейин жаза берилет.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0