Instagram жарылып кетейин деди. Малаховдун Димаштан кечирим сураган видеосу

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүXII ежегодная конференция "Медиабизнес" в Москве
XII ежегодная конференция Медиабизнес в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Малахов бул ирет Димашты "жаңы дүйнөлүк жылдыз" жана "жыл жаңырыгы" деп тааныштырды.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Теле алып баруучу Андрей Малахов ырчы Димаш Кудайбергенден аны "дүйнөнүн жаңы секс-символу" деп атаганы үчүн кечирим сурады. Ал казакстандык ырчыны "Привет, Андрей!" берүүсүнүн белгилүү композитор Игорь Крутойдун 65 жылдык мааракелик кечесине арналган эфирине чакырган.

Малахов эфир учурунда Димашка сөз берип жатып, аны секс-символ дегенден кийин фанаттары Instagram баракчасын талкалап жибере жаздаганын айтты.

"Мен сени "Жаңы толкун" сынагында секс-символ деп атагам. Андан кийин Instagram баракчам жарылып кетейин деди. Мага "антип атоого кантип батындыңыз, ал улуттун сыймыгы, каяктагы секс-символ. Балким, силердин Россияда..." деп жазып жатышты", — деди Малахов.

Ортодон сөз алган Россиянын эл артисти Ирина Аллегрова "чынын айтканда антип атаганың мага да анча жаккан эмес" деди.

Малахов андан кийин Димаштан кечирим сурап, аны "жаңы дүйнөлүк жылдыз" жана "жыл жаңырыгы" деп тааныштырып, суроолорун узата баштады.

"Концертте сага берилген гүлдөрдүн аягы түгөнбөгөнүн көрүп, ар кандай жаш курактагы адамдардын жүрөгүнөн түнөк тапканыңа биринчи жолу күбө болуп жатам. Кечирип кой Филипп...", — деп россиялык артист Филипп Киркоровго тийишкен Малахов.

Ал өз кезегинде "Убакыт өтөт, алмашат... Башкысы классика жөнүндө унутпасаңар" деп тамаша иретинде жооп берген.

Эфир учурунда Димаш кантип дүйнөлүк жылдызга айланганын жана Игорь Крутой менен качан таанышып иштеше баштаганын айтып берген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0