Миллиондогон акчалар! Өзбекстан Кытай кредитине учактарын жаңыламай болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВизит президента Узбекистана Шавката Мирзиёева в Кыргызстан
Визит президента Узбекистана Шавката Мирзиёева в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайдын Өнүктүрүү боюнча мамлекеттик банкы Өзбекстанга жеңилдетилген насыя бермекчи.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Өзбекстандын улуттук банкы Кытайдын Өнүктүрүү боюнча мамлекеттик банкынан "Өзбек аба жолдору" улуттук авиакомпаниянын учактарын жаңылоого 309 миллион доллар жеңилдетилген кредит ала турган болду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан кабарлады. 

Келишимге өзбек-кытай кызматташуусу боюнча эл аралык комиссиянын кезектеги отурумунда кол коюлган.

Рабочий визит президента КР Алмазбека Атамбаева в город Астану - Sputnik Кыргызстан
КМШ президенттери эмне менен учат? Самолеттер парады
Кытай тараптын бул долбоордун негизги кредитору боло тургандыгы айтылды.

Улуттук банктын сайтында Кытайдын Өнүктүрүү боюнча мамлекеттик банкы кызматташуу учурунда алардын бир нече ирет насыя бергендиги кабарланган. Ага Өзбекстан кичи бизнес менен жеке ишкерлик боюнча 460тан ашуун долбоорду каржылаганы маалымдалган. Алардын ичинен алты кредиттик линияга 655 миллион доллар каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0