09:45 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Өзбекстандын тунгуч президенттин кызы Гүлнара Каримова. Архив

Маммүлктү саткан жана басып алган. Гүлнара Каримовага жаңы айыптар коюлду

© AFP 2019 / Amy Sussman / GETTY IMAGES NORTH AMERICA
Азия
Кыскача шилтеме алуу
103 0 0

Азыркы тапта Өзбекстандын биринчи президентинин кызы колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жатат. 

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы тунгуч президенттин кызы Гүлнара Каримовага карата дагы бир нече кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан башкы көзөмөл органына таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, Каримова мамлекеттик каражаттарды уурдаган, өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келген келишимдерди түзгөн жана ишкерлердин ири көлөмдөгү мүлкүн опузалоо жолу менен тартып алган деп айыпталууда.

White and Case эл аралык юридикалык компаниядан жана жарандардан арыз түшкөндөн кийин текшерүү жүрүп, кылмыш иши козголгон.

"Гүлнара Каримова жең ичинен сүйлөшүп "Кувасайцемент" жана "Бекабадцемент" акционердик коомунун мамлекетке таандык акцияларынын пакетин жогорку баада сатып алган. Андан соң пакеттерди чет элдик бизнесмендерге сатып, алардын мыйзамсыз иштерин калкалаган. Муну менен ал Өзбекстанды ири көлөмдөгү чыгымга учураткан. Ошондой эле Каримова ишкерлерге күч колдонуп, коркутуу жолу менен мүлкүн өзүнө таандык компанияларга өткөрүп берүүгө мажбурлаган", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Гүлнара Каримова 2015-жылы опузалоо жана салык төлөөдөн баш тартуу беренелери менен камалган. Учурда ага карата козголгон бир нече кылмыш иши тергелип жатат. 2017-жылы сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан.

Андан соң өкүм өзгөртүлүп, 5 жылга алмаштырылган. Кызы Иман жашап жаткан жерде жазасын өтөө чечими кабыл алынып, бирок милдеттеринен кыянатчылык менен баш тартса, сот чечимин өзгөртүшү мүмкүндүгүн айткан.

Андан кийин Каримова сот койгон тартипти бузгандыгы айтылып, жалпы тартиптеги абакка которулган.

Өзбекстандын укук коргоо органдары эки кылмыш иши боюнча Гүлнара Каримова өлкөгө эки миллиард доллар чыгым келтиргенин эсептеп чыккан. Ташкент анын 12 өлкөдөгү активдерин камакка алууну демилгелеген.

Тема боюнча

Адам уурдоо, рейдерлик, оффшор... Ажолордун кылмышка аралашкан балдары
Белгилер:
Өзбекстан, сот, кылмыш, айып, Гүлнара Каримова

ЭҢ МААНИЛҮҮ