Айып пулдан качкан тажикстандыктар Баткенге келип дүңгүрөтүп той өткөрүүдө

© AFP / STRINGERМассовое церемония бракосочетания в Душанбе
Массовое церемония бракосочетания в Душанбе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тойлорду чектеген мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөгөн комиссия чет өлкөдө өткөрүлгөн мааракелерди текшере албайт.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Тажикстандын кээ бир жарандары үйбүлөлүк майрамдарды жана балдарынын сүннөт тоюн Кыргызстандын чек арага жакын аймактарына барып өткөрүүдө. Бул туурасында Согди облусунун салтанаттарды жана салттарды жөнгө салуу, дин иштери боюнча бөлүмдүн башчысы Сухроб Рустамзода маалымат жыйын учурунда билдиргенин Sputnik Тажикстан жазды.

Рустамзоданын айтымында, Канибад жана Бободжон шаарларынын тургундары айып төлөөдөн качып, дүңгүрөгөн тойлорду коңшу өлкөгө барып өткөрүп келишүүдө.

Ошондой эле ал Тажикстандын жарандары "Элдик салт-санааларды жана той-мааракелерди иретке келтирүү жөнүндө" мыйзамдын маани-маңызына түшүнбөй жатканына нааразы болгон.

"Тилекке каршы, айрымдар өзүлөрүнүн эле акча каражатын үнөмдөөгө багытталган мыйзамдын маңызын туура эмес түшүнүп жатышат. Анын максаты — улуттук маданияттын чыныгы баалуулуктарын сактоо, каада-салтты сыйлоо, калктын социалдык жана экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатуу", — деп айткан Рустамзода.

Анын билдиришинче, комиссия чет өлкөдө өткөрүлгөн тойлорду текшерип же айып сала албайт.

Өзбекстандык ырчылар концерт учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан эми той-аштарга ылайыктуу ырлардын тизмесин түзмөй болду
Белгилей кетсек, Тажикстандын Согди облусу Кыргызстандын Баткен облусу менен чектешет.

Тажикстанда "Элдик салт-санааларды жана той-мааракелерди иретке келтирүү жөнүндө" мыйзам кабыл алынган. Анын негизинде тойлор дем алыш күндөрү 8.00дөн 22.00гө чейин, иш күндөрү 18.00дөн 22.00гө чейин гана өткөрүлүшү керек. Ал эми үлпөт тойдун узактыгы үч сааттан ашпашы зарыл. Мыйзамдын аткарылышын атайын түзүлгөн комиссия көзөмөлдөп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0