Аял киши эркектердин абагына которулду. Казакстандагы окуя

© AFP / STRАбактагы аял. Архив
Абактагы аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык, аял өзүнчө камерада кармалууда.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Казакстанда өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер кармалган түрмөгө аял киши да которулду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Ага ылайык, кылмышкер аял абакта кармоо эрежелерин одоно бузганы үчүн сот аны жалаң эркектер кармала турчу абакка которуу чечимин кабыл алган.

"Ал сот тарабынан белгиленген жаза мөөнөтүн аягына чейин ушул жакта өтөйт. Мөөнөтү аяктагандан кийин кайта мурдагы орунуна которулат. "Эркектердин абагында ал өзүнчө камерада кармалууда. Бул соттун чечими", — деди Казакстандын кылмыш аткаруучу комитетинин төрагасы Дархан Канатбеков.

Ошол эле учурда Канатбеков аял киши канча убакытка чейин эркектердин абагында кармаларын тактаган жок.

Наркобарон прикинулся собственной дочерью, чтобы сбежать из тюрьмы. Видео - Sputnik Кыргызстан
Абактагы наркобарон кызга айланып... Кылмышкердин кармалгандагы видеосу
Казакстандын айрым ЖМКлары айыпталып жаткан аял адам өлтүргөн деп соттолуп, сегиз жылга эркинен ажыратылганын жазышкан.

26 жаштагы аял Казакстандын тарыхында өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер кармалган Аркалык шаарындагы жайга которулган биринчи аял болууда. Ал буга чейин Алматы облусундагы түзөтүү абагында кармалып келген.

Аркалыктагы түрмөдө мыкаачылык менен кылмыш жасап, узак мөөнөткө соттолгондор кармалат. Абак ачылгандан бери бир гана эркектер жазасын өтөп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0