Мирзиёевдин кичүү кызы Шахноза кызматын алмаштырып, жетекчи болду

© Sputnik / Жоомарт УраимовОфис кызматкери. Архив
Офис кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстан президентинин кызы буга чейин башкармалыктын жетекчисинин орун басары болуп иштеп жаткан.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Шахноза Мирзиёева Мектепке чейинки билим берүү министрлигинин билим берүү тармагынын саясатын жүргүзүү жана жөнгө салуу башкы башкармалыгына жетекчи болуп дайындалды. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги билдирди.

Буга чейин ал аталган министрликке караштуу мектепке чейинки мекемелерди уюштуруу жана стратегиялык жактан өнүктүрүү башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болчу.

Өзбекстандын прзедиенти Шавкат Мирзиёев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Манаста төрөлүп, энесинен эрте ажыраган... Шавкат Мирзиёев тууралуу 8 факты
Шахноза Мирзиёева Өзбекстан президентинин кичүү кызы. Анын күйөөсү Отабек Умаров 2017-жылы кайнатасынын — президенттин күзөт башкармалыгынын жетекчисинин орун басарлыгына дайындалган.

Ал эми улуу кызы Саида Мирзиёева 2019-жылдын апрель айында республикадагы Маалымат жана массалык коммуникация боюнча агенттиктин директорунун орун басарлыгына дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0