Тажикстанда немис жана япон автоунаалары чыгарыла баштайт

© Sputnik / Юрий Стрелец / Медиабанкка өтүүАвтоунаа чыгаруу. Архив
Автоунаа чыгаруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин айтымында, бүгүнкү күнү Тажикстанда трактор, автобус жана жүк ташуучу автоунаалар чыгарылат.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон немис жана япон автоунааларын өлкөдөн жасап чыгарууну тапшырды. Бул тууралуу өнөр жай жана жаңы технологиялар министри Заробиддин Файзуллозода маалымат жыйында айтканын Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Министрдин айтымында, өлкө башчысы немис жана япон автоунааларын Тажикстанда жасап чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону тапшырган. Рахмон, андан сырткары, автоунаанын сапаты дүйнөлүк стандарттарга туура келиши үчүн чет элдик мыкты компанияларды тартуу керектигин белгилеген. Себеби Тажикстан чыгарылган автоунааларды коңшу мамлекеттерге да сатышы керек.

"Өзбекстан менен Казакстан автоунаа чыгаруу жаатында чет элдик компаниялар менен кызматташат. Биз дагы мындай кадамга барабыз, ал үчүн көптөгөн иштерди аткаруу керек. Чет элден инвестиция тартуу кажет", — деди министр.

Открытие Араванского цементного завода в Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө кир жуучу машина, радиатор чыгарын билесизби? 2018-жылы ачылган ишканалар
Файзуллозода өз сөзүндө дароо эле немис жана япон машиналары чыгарылбай турганын, алгач куроочу заводду ишке киргизүү керектигин кошумчалады. Жаңы ишкана түптөлсө, кошумча жумушчу орундары да түзүлөт.

Министр, андан сырткары, бүгүнкү күнү Тажикстанда трактор, автобус жана жүк ташуучу автоунаалар чыгарылып жатканын айтты. Бул техникалардын басымдуу бөлүгү Өзбекстан менен Афганистанга экспорттолот.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0