Ташкенттин аэропортунан 14 даана алтын куймасын жутуп алган киши кармалды

© REUTERS / Michael Dalder / File PhotoЗолотые слитки Pro Aurum в Мюнхене
Золотые слитки Pro Aurum в Мюнхене - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ташкент — Дели багыты боюнча учууга камынган өзбек жаранына чек арадагы бажы кызматынын өкүлдөрү кошумча текшерүү жүргүзүшкөн.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Ташкенттин аэропортунан 14 чакан алтын куймаларын жутуп алып өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Өзбекстандын мамлекеттик бажы кызматына таянуу менен билдирди. 

Ташкент — Дели багыты боюнча учууга камынган өзбек жаранына чек арадагы бажы кызматы кошумча текшерүү жүргүзгөн.

"Заманбап жабдуулардын жардамы менен текшерүү учурунда кармалган киши 14 даана чоң эмес алтын куймаларын жутуп алганы аныкталган. Алардын жалпы салмагы 434 граммды түзүп, баасы 17 миң доллар (1,184 миллион сом — ред.) болгон", — деп айтылат маалыматта.

Өзбекстандын бажы кызматы алтын жана башка баалуу металлдарды аткезчилик менен алып кетүүгө аракет кылгандарды такай кармайт. Март айында эле Ташкенттин аэропортунан эки аял кармалган. Алар да баасы 15 миң доллар болгон алтын куймаларын жутуп алып, чек арадан өтүүгө аракет кылган. Негизинен аткезчилер алтындарды алып чыгууда Ташкент — Баку, Ташкент — Стамбул жана Индиянын шаарларына учкан каттамдарды көп колдонушат.

Өзбекстанда жай тургундарга беш даана алтын буюмдарды жана 30 граммдан ашпаган баалуу металлдарды мамлекеттен салыгы жок  алып чыгууга уруксат берилет. Ошол эле учурда алар бажы декларациясын толтурушу кажет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0