UFC уюму казакстандык мушкер менен алгачкы келишим түздү. Ал Өзбекстанда туулган

© AP Photo / Gregory PayanUFC. Архив
UFC. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 31-июлда, UFC уюму менен Казакстандын атынан алгачкы мушкер кыз дагы келишим түзүп калмак. Бирок Мария Агапова уюмдун тандоо турниринин алкагында америкалык Трэйси Кортеске утулуп калганы белгилүү болду.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. 24 жаштагы казакстандык мушкер Шавкат Рахмонов UFC уюму менен келишим түзгөнүн Tengrinews.kz агенттиги спортчунун менеджери Саят Абдрахмановго шилтеме берип жазды. 

"Шавкат Рахмонов UFC уюму менен келишим түзүп, аталган лигада күч сынашкан алгачкы казакстандык болуп калды. Биринчи беттеши ноябрь айында болот", — деп жазган Абдрахманов.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

@UFC жди👊🏼

Публикация от Shavkat Rakhmonov (@shavkatrahmonov94)

Рахмонов аралаш мушташ боюнча турнирлерде 2014-жылдан бери күчүн сынап келет. Ушул жылдын март айында M-1 Global уюмунун орточо салмак категориясында чемпиондук курун тагынган. Жалпысынан 12 беттештин жеңүүчүсү, утулуп көргөн эмес. Өзбекстанда төрөлгөн, улуту казак.

Ал Vesti.kz агенттигине өзү тууралуу маек берген.

"Мен базарда жүк түшүргүч болуп иштегем. Үй-бүлөм карапайым. Казакстанга келгенде тил билбей кыйналдык. Тиричилик деп ар кайсы жерде иштедик. Залдагы машыгууларымды калтырчу эмесмин. Жумуштан келерим менен сумкамды алып жөнөчүмүн... Элдер абдан таң калчу эле, анан эмгегимдин акыбети кайтып чемпион болдум. Кимдир бирөөлөр базарда жүк түшүргүч болгонум үчүн убагында теңине албаса керек. Мен азыр андай адамдардын оюн өзгөртө алдым окшойт", — деген Рахмонов.

Бүгүн, 31-июлда, UFC уюмуна Казакстандын атынан алгачкы мушкер кыз дагы келишим түзүп калмак. Бирок Мария Агапова уюмдун тандоо турниринин алкагында америкалык Трэйси Кортеске утулуп калганы белгилүү болду.

Абсолюттук мушкерлер уюму (UFC) дүйнөдөгү беделдүү уюмдардын сап башында. Учурда аталган уюмда Россиядан этникалык казак Дамир Исмагулов күч сынашары айтылат. Ошондой эле уюм менен келишим түзгөн кыргызстандык Рафаэль Физиев дагы Казакстанда төрөлгөнү белгиленет. Мындан тышкары, 2014-жылы кытайлык казак Жумабек Турсын UFC уюмунда үч беттеш өткөрүп, утулуп калган.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын атынан аталган уюмда Рафаэль Физиевден сырткары эже-сиңди Валентина жана Антонина Шевченколор дагы бар.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0