Лондонго барып эс алып келген Шымкенттин акими кызматынан кол жууду

© Sputnik / Владислав ВодневШымкент шаарынын акими. Архив
Шымкент шаарынын акими. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын президенттик администрация жетекчиси аймактардын башчысы элге кызмат кылышы керектигин жана өзүн ошого ылайык алып жүрүүсү керектигин белгилеген.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Шымкент шаарынын акими Габидулла Абдрахимов Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин буйругу менен кызматынан алынды. Бул тууралуу Акорданын расмий сайтында маалымдалат. 

Ал эми Sputnik Казакстан сайтынын жазышынча, Абдрахимов бир нече күн мурда Лондонго болгон сапары учурунда элге видео кайрылуу жасап: "Баары бир Казакстанды жакшы көрөм. Казакстанда жашап, иштеп дүйнө кезүү керек",- деп айткан.

Социалдык тармактын колдонуучулары акимдин бул айткандарын мактанып жатат деп баалашкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Gabidulla Abdrakhimov (@gabidullaabdrakhimov)

Казакстандын президенттик администрациясынын жетекчиси Крымбек Кушербаев Габидулла Абдрахимовдун бул аракетин элдин бийликке болгон ишенимине шек келтирет деп атаган.

Ал, андан сырткары, бийликтин бардык бутагындагылар таза жана берилүү менен иштеши керектигин, аймактардын башчылары элге кызмат кылып өзүн ошого ылайык алып жүрүүсү керектигин белгилеген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0