Көгала болгуча сабалган казак ырчысынын күйөөсү үн катты

© Фото / Pixabay / SplitShireАлыс кыз. Архив
Алыс кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бауржан Ашигалиев аялынын ачууга алдырган аракеттери акыркы кезде тез-тезден кайталанып жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Алматылык ырчы Ксения Ашигалиеванын күйөөсү Бауржан Ашигалиев болгон окуя тууралуу өз пикирин билдирди. Анын айтымында, аялы өзүн-өзү койгулап денесин көгала кылган. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Женское насилия в Аргентине - Sputnik Кыргызстан
Аргентинада аялын дээрлик 20 жыл үйдө камаган киши кармалды
Алматылык ырчы Ксения Ашигалиева күйөөсү аны уурдап кетип, өлтүрүүгө аракет кылганын айткан болчу. Окуя тууралуу маалымат Facebook тармагындагы тайпалардын бирине да жарыяланган.

Ашигалиев журналисттерге аялына кол көтөрбөгөнүн билдирди. Тескерисинче, аялы аны койгулагандыктан өзүнүн денеси көгала болгонун айтты.

"Досум менен ата-энемдикине бара жатканбыз. Ксения азыр апасы менен жашайт. Алардын үйү ата-энемдин үйүнө жакын. Мен ага жолугуп калып, балдар тууралуу сүйлөшүп калдык. Анткени мага балдарды көрсөтпөйт. Ксения ошол жерден эле "балдарды бербейм" деп айкырып жаңжал чыгарды. Мен аны көтөрүүгө аракет кылдым, бирок мени чапкылап, тепкилеп, көчөдөн өтүп бараткандардан жардам сурап кыйкырып жатты", — деди ал.

Ашигалиев аялынын мындай жүрүм-турумун анын психикалык жактан жабыркап жүргөнү менен байланыштырды.

"Аялымдын жүрүм-туруму өзгөрүп жатканын бир жылдан бери байкап жүрөм. Бул окуяга чейин ал менден кордук көрүп жатам деп, азыр жашап жаткан үйдүн короосунан "Жардам бергиле, мени муунтуп, өлтүрөйүн деп жатат" деп кыйкырган. Бул окуя 20 күн мурда болгон. Ага чейин да Парвиз Назаровдун туулган күнүндө эч кимдин кысымга албаганына карабастан качып кеткен", — деди Ашигалиев.

Зомбулук. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан
ОИИБ: жубайын сабап салган киши милиционер аялга да кол көтөрдү
Учурда полиция ырчы Ксения Ашигалиеванын сабалышы боюнча сотко чейинки тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Эгер айыпталуучунун күнөөсү далилденсе, ал беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

Жубайлар JackPot музыкалык тобунда иштейт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0