Кош бойлуу келиндин толгоо учурунда дарыгери менен бийлеген видеосу

© AFP / YOSHIKAZU TSUNOБеременная женщина в офисе
Беременная женщина в офисе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер менен кош кабат аялдын толгоо арасында бийлегени анын төрөтүнүн жеңилдешине жардам берген.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Интернет айдыңына Шымкент шаардык перинаталдык борбордо кош бойлуу келин менен анын дарыгеринин толгоо арасында бийлеген видеосу тараган. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Видеонун өзү борбордун Instagram-аккаунтуна жарыяланган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Шымкент ГПЦ (мкр.Нурсат) (@gpc_nursat)

"Бул учурда эненин - биздин Гаухардын толгоосу бышып калган. Бул ыкмабыз анын жанын кейитип жаткан толгоосун улам токтотуп турду. Бир аз күтүп туруп, жан чыдаткан оору өтүп кеткенде бийди улантып турушкан. Андан улам Гаухар жеңил төрөдү", — деп айтышкан перинаталдык жайдан.

Маалыматта дарыгердин аты-жөнү — Даулет Яминович деп жазылып жүргөнүн окууга болот.

Жарык дүйнөгө келген ымыркай Гаухардын жетинчи баласы экендиги, үйдө бөбөктү төрт эжеси менен эки агасы күтүп жаткандыгы айтылды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0