Шавкат Мирзиёев аны дайым түйшөлткөн маселени айтты

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРабочий визит президента РФ В. Путина в Таджикистан для участия в СВМДА
Рабочий визит президента РФ В. Путина в Таджикистан для участия в СВМДА - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу өлкөнүн президенти фермерлер менен жолугууга барган.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Самарканд облусуна болгон сапарында фермерлер менен жолугуп, аны көп ойлондурган маселени айтты. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды. 

Коңшу өлкөнүн башчысы элдин киреше булагын кантип көбөйтүү маселеси аны ар дайым түйшөлтө турганын билдирген.

"Элдин кирешесин көбөйтүүгө бардык региондо, бардык тармакта мүмкүнчүлүктөр бар. Айыл чарбаны карасак, жаңы технологияларды колдонуу, түшүмдүүлүктү арттыруу, серьёну кайра иштеп чыгуу турат. Кайра иштетүү ишканалары кирешени көбөйтүп, жумуш орундарын түзөт", — деп айткан Мирзиёев.

Мындан үч күн мурун Мирзиёев 62ге чыкты. Sputnik Кыргызстан коңшу өлкө башчысы тууралуу кызыктуу фактыларды даярдаган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0