Жүздөн ашык бала асырап байыган аял түрмөгө түштү

© AFP / JOHAN ORDONEZАрест по обвинению в вымогательстве и убийстве в Гватемале
Арест по обвинению в вымогательстве и убийстве в Гватемале - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полиция аял балдарга бөлүнгөн каражатты өз кызыкчылыгына колдонуп келгенин аныктаган.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кытайдын Уань шаарынын 54 жаштагы тургуну Ли Яньсяны сот 20 жылга кести. Ал буга чейин 118 баланы асырап алган болчу. Мындай маалыматты BBC телеканалы билдирди.

Сот аялды 338 миң доллар айыпка жыгып, аны 15 жардамчысын коркутуп акча талап кылган, документтерди жасаган жана алдамчылык менен алектенген деп күнөөлөдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Радио
Жээнбеков: балдар интернатта эмес, ата-эненин мээримин көрүп чоңоюшу керек
Ли Янься 1996-жылдан тарта жетим балдарды асырап ала баштаган. Ал 2007-жылы "Сүйүү айылы" аттуу балдар үйүн негиздеген. Андан бери аял бир кыйла байыган. Полиция анын банктагы эсебиндеги 3 миллион долларды камакка алды. Ошондой эле кымбат баалуу машиналар менен кыймылсыз мүлкү да бар экени аныкталган.

Аялга өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн балдарды колдонгон деген кине да коюлууда. Полициядан кабарлашкандай, Янься мамлекет, демөөрчүлөр жана ыктыярчылар тарабынан бөлүнгөн акчаларды өзүнө ыйгарып алганы териштирүү учурунда белгилүү болгон. Андан сырткары, балдар үйүнө ата-энеси бар эле өспүрүмдөр да алынганы тастыкталган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0