Бердымухамедов "өлдү" деген кабардан соң биринчи жолу элге чыкты

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүТүркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов. Архив
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
21-июлда бир катар ЖМКларга Түркмөнстандын президенти көз жумду деген маалымат тарап кеткен. Бирок бул маалыматты Түркмөнстандын Россиядагы элчилиги төгүнгө чыгарган.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов "өлдү" деген маалыматтан кийин биринчи жолу телевидениеге чыкты. Бул тууралуу "Бүгүнкү Түркмөнстан" маалымат агенттиги билдирди.

Анда Бердымухамедов эмгек өргүүдө жүрүп Ашхабаддын инфраструктурасын өнүктүрүү долбоору менен таанышуу үчүн жеке автоунаасын айдап келген.

Мамлекет башчысы бир катар эскертүүлөрдү берип, түзөтүүлөрдү киргизген соң долбоордун планын колдоого алган.

Бердымухамедов курулуш материалдарын тандоодо өлкөнүн климаттык шартын эске алуу менен заманбап архитектурадан артта калбоо керектигин белгилеген.

Белгилей кетсек, 21-июлда бир катар ЖМКларга Түркмөнстандын президенти көз жумду деген маалымат тарап кеткен. Бирок бул маалыматты Түркмөнстандын Россиядагы элчилиги төгүнгө чыгарган.

Кийин Бердымухамедовдун каза болгонун маалымдаган киши кечирим сураган болчу.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0