Сагынбаев: чек арадагы көйгөй Жээнбековдун жеке көзөмөлүндө

© Sputnik / Табылды КадырбековВстреча секретарей Совбезов стран-участниц ШОС в Бишкеке
Встреча секретарей Совбезов стран-участниц ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коопсуздук кеңешинин катчысы расмий Бишкек жана Душанбенин ортосундагы жогорку деңгээлдеги диалог активдешип жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал президент Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлүндө экенин Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бүгүн, 25-июлда, Жээнбековдун жетекчилиги астында өткөн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу жумушчу кеңешме өттү.

Сагынбаев азыркы учурда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдары окуянын себептерин бирге иликтөө, жаңжалдын чыгышына күнөөлүүлөрдү аныктоо, келечекте чек арада чыр-чатактарга жол бербөө боюнча эки тараптуу макулдашууга жетишкенин айтты.

"Бүгүн жол ачык. Кырдаал туруктуу. Жергиликтүү калк менен түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө", — деди ал.

Коопсуздук кеңешинин катчысы эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн деңгээлинде эксперттердин сүйлөшүүлөрү улантылып жатканын кошумчалады. Аны менен катар чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык жумушчу топтун 6-июлда өткөн сүйлөшүүлөрүндө акыркы эки жылда биринчи жолу маселе чечиле баштаганын эске салды.

Ситуация на кыргызско-таджикской границе в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасы: автотрассалар ачылды
Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасында чатак 22-июль күнү чыккан. Ак-Сай (Кыргызстан) менен Ворух (Тажикстан) айылдарынын жашоочулары чырдаша кеткен. Ворухтун тургундары кыштактын кире беришине флагшток орнотмокчу болушканда аксайлыктар каршы чыккан. Кайым айтышуу учурунда бири-бирин ташка алып, ок атылган. Мунун кесепетинен 14 кыргызстандык жаракат алган болчу.

Ал эми 23-июлда тажик тараптан эки ирет ок атылып, кыргызстандык чек арачылардын бирөө жарадар болгон.

Кечээ жолдор жабылып, нааразы болгон эл Баткен облустук администрациясынын алдына митингге чогулган

25-июлда эртең менен тосулган жолдор ачылып, Баткен шаарына убактылуу көчүрүлүп келген 700дөй киши үйлөрүнө кайткан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0