Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр боюнча тергөө тобу ишин баштады

© Фото / пресс-служба МВД КРЧек ара кызматкерлери. Архив
Чек ара кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жабырлануучулар суралып, соттук-биологиялык, соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалган.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр боюнча тергөө тобу түзүлгөнүн Баткен облустук милициясынын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.

"Баткен облусунун прокурору Абдибакыт Халмурзаевдин токтому менен бул аталган жазык ишинин коомдук маанилүүлүгүн, ошондой эле толук объективдүү текшерүү үчүн Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жана Баткен район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн тергөөчүлөрүнөн турган атайын тергөө тобу түзүлдү", — деп билдирди маалымат кызматтын өкүлү.

Эске салсак, кечээ, 22-июлда, Ак-Сай (Кыргызстан) менен Ворух (Тажикстан) айылдарынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Ворухтун тургундары кыштактын кире беришине флагшток орнотмокчу болушкан. Ал эми ага аксайлыктар каршы чыккан. Кайым айтышуу учурунда тараптардын бири ок чыгарган. Мамлекеттик чек ара кызматы окту жай тургундар деле чыгарышы ыктымалдыгын айткан.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен тажикстандык кесиптеши Эмомали Рахмон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков менен Рахмон чек ара чуусуна карабай жолугат
"Учурда жабырлануучулар суралып, соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-баллистикалык, соттук-медициналык-криминалистикалык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат", — деп кошумчалады Юсупова.

Бүгүн, 23-июлда, тажик тараптан эки ирет ок атылып, кыргызстандык чек арачылардын бирөө жаракат алган.

Муну менен катар эле КРдин Мамлекеттик чек ара кызматы Тажикстан тарапты эмоцияга алдырбоого жана кыргыз тарапты негизсиз күнөөлөөдөн алыс болууга чакырган билдирүү таратты.

Эки өлкө жарандарынын ортосунда чек ара чыры маал-маалы менен чыгып турат. Жакында эле Баткен районунун Достук айылынын тургунун коңшу мамлекеттин Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кармап кеткени маалым болгон. Бул фактыга нааразы болгон эл облустук администрацияга келип, аларга тиешелүү тараптар маалымат берген. Бирок алигүнчө ал кишиден дайын жок болуп жаткандыгын 17-июлда Баткен облустук милициясынан кабарлашкан эле.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0