Президент Бердымухамедовдун өлүмү тууралуу айткан киши кечирим сурады

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүТүркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов. Архив
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым ЖМКлар Рубаевге таянуу менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов каза болгонун жазышкан.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун өлүмү тууралуу туура эмес кабар тараткан Евразия көйгөйлөрү мониторинг борборунун директору Аслан Рубаев кечирим сурады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

Рубаев "Говорит Москва" радиосуна берген түшүндүрмөсүндө Бердымухамедов эс алуу учурунда каза тапканын айткан. Ал мындай маалыматты атайын кызматтардагы ишенимдүү булактардан өлкөнүн ишкерлери алганын билдирген.

Айрым ЖМКлар Рубаевге таянуу менен Бердымухамедов каза болгонун жазышкан.

Кийин саясат таануучу кабар тастыкталбаганын маалымдаган.

"Президенттин туугандарынан жана жакындарынан, ошондой эле Түркмөнстан калкынан кечирим сурайм", — деп Рубаев Facebook баракчасына жазган.

Рубаев Түркмөнстандын президенти каза болду деген маалымат анын көптөн бери эл алдына чыкпай калганынан улам чыгышы ыктымалдыгын айтты.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0