Мирзиёевдин күйөө баласы күңүрттөлгөн автоунаалар жөнүндө кескин айтты

© AP Photo / Anvar Ilyasov / PoolӨзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен. Архив
Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда республикада күңүрттөлгөн автоунаалар боюнча мамлекеттик автоинспекциянын катуу талаптары бар.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёевдин күйөө баласы — президенттин күзөт кызматынын жетекчисинин орун басары Отабек Умаров Instagram баракчасына күңүрттөлгөн автоунаалар боюнча жазган. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан кабарлады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Otabek Umarov (@otabek_muhammadalievich)

Учурда республикада күңүрттөлгөн автоунаалар боюнча мамлекеттик автоинспекциянын катуу талаптары бар. Анда автокөлүктү айдоодо коопсуздукка таасир берүүчү параметрлерди бузбоо боюнча кескин айтылган.

Техникалык талаптарга туура келбейт делген күзгү сымал жана күңүрттөлгөн айнектерди коюп алгандарга май айында айып пул 25 эсе көтөрүлүп, ал сумма 5 068 250 сумду түзгөн.

Ал эми Отабек Умаров темир тулпардын айнегин күңүрт кылып алуу коопсуздукту камсыздоого жолтоо болбойт деген пикирин айткан.

"Көптөр мага ушул талаштуу суроолор боюнча кайрылып келет. Кээ бирөөлөр муну коопсуздук менен байланыштыргандыктан, өзүмдүн пикиримди айтууну чечтим. Күңүрттөтүү, ысыкты эске алганда биздин өлкө үчүн маанилүү. Бул суроо боюнча өзүбүздүн бүтүмүбүздү бердик. Учурда тиешелүү ведомство чет элдик тажрыйбаны караштырып жатат", — деген ал.

Эске салсак, Отабек Умаров президент Мирзиёевдин экинчи кызы Шахнозанын күйөөсү. 2017-жылы ал өз кайнатасынын — президенттик күзөт башкармалыгынын жетекчисинин орун басарлыгына дайындалган. Шахноза Мирзиёева өзү Мектепке чейинки билим берүү министрлигинин башкармалыктарынын биринин жетекчисинин орун басары.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0