Мугалимдерди кара жумушка салган аткаминер жоопкерчиликке тартылды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКуруучулар. Архив
Куруучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу өлкөдө мугалимдерди өз эркине каршы ар кандай жумуштарга тарткан жетекчилер көп болгондуктан, Эмгек министрлиги окутуучулар үчүн ишеним телефонун иштеткен.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Өзбекстандагы Касансай районунун акиминин орун басары Мубилло Исомиддинов мугалимдерди шаарды аралап өткөн дарыянын жээгин бетондоо иштерине тарткандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу өлкөнүн Эмгек министрлигине таянып Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Исомиддинов мектеп мугалимдерин "Ыңгайлаштырылган шаар" долбоорунун алкагында курулуш иштерине чыгарууну чечкен.

Аймактагы ар бир мектепке тилке бөлүнүп берилип, 80ден окутуучу бетон куюшу керек болчу.

"Орун басар аша чаап кеткендигин, экинчи мындайга барбастыгын айтты. Мындан тышкары, 608 190 сум (5 миң сомго жакын) айып пул төлөмөй болду", — деп жазылат маалыматта.

Бул билим берген агай-эжелердин өз эркине каршы кара жумушка салынган алгачкы учур эместиги айтылат. Андыктан Эмгек министрлиги жетекчиликтин мындай мамилесине кабылган мугалимдер үчүн ишеним номерин жана Telegram-каналды ишке киргизген. Ал аркылуу окутуучулар каалаган учурда даттана алат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0