Өзбекстан: аткаминерлердин айткандарын акмалап турчу сайт ачылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКомпьютерде иштеп жаткан адам. Архив
Компьютерде иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сайттын негиздөөчүлөрүнүн айтымында, бул аракет аткаминерлерди эсине келтирип, убадаларды унутуп калбай аткарууга мажбурлайт.

БИШКЕК, 16-июл. – Sputnik. Өзбекстанда аткаминерлердин айткандарын аткарган же аткарбаганына байкоо салып туруучу сайт ачылды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

Сайт аркылуу каалаган жаран мамлекеттик кызматкерлердин буга чейинки берген убадасын канчалык деңгээлде өз учурунда аткарылгандыгына көз салып тура алат.

Кабарда бул маалыматтар vada.uz сайтына жайгаштырылганы айтылды.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эми жарандар бюджетти түзүүгө катыша алат. Жол-жобосу
Масален, сайтта "Жол кайгуул кызматы жана Кайгуул нөөмөт кызматы жыл аягына чейин (экинчи ирет жасалган аракет менен) бодикамера алышы керек, Министрлер кабинетинин аппараты. Маалыматтын абалы — аткарылып жатат. Дедлайн - 2019-жылдын 31-декабрына чейин" деп жазылып турат.

Ал эми Массалык коммуникация жана маалымат агенттигинин жетекчиси Комил Алламжоновдун журналисттер үчүн улуттук ID-карталарды киргизүү убадасы аткарылган эмес. Иш 2019-жылдын 1-июнунда жасалып бүтүшү керек болчу.

Сайтты иштеп чыккандар алардын түзгөн системасынын аркасынан эл аткаминерлердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп тура алат деген үмүттө.

Жаңылыктар түрмөгү
0