Жолдошум бомбага жарылып, уулум атылды... Сириядан кайткан казак келиндердин баяны

© Sputnik / Михаил Алаеддин / Медиабанкка өтүүСитуация в Алеппо
Ситуация в Алеппо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын бийлиги Сириядан "Жусан" атайын операциясы менен бүгүнкү күнгө чейин 524 кишини алып келди. Алардын 357си балдар.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Казакстанда Сириядан кайтып келген жүздөгөн аял менен балдар реабилитациядан өтүп жатышат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Түркстан облусунун тургундары Сириядан көргөн кордуктарын, баштан кечирген күндөрүн журналисттерге айтып беришкен.

Айгүлдүн күйөөсү Казыгурт районундагы мектепте мугалим болуп иштечү. 2015-жылы Сирияга кетер алдында ал жакта жакшы жашоо күтүп турганын айтып, аялын ишендирген. Бирок баары ойдогудай эмес, кудум жаман түштөгүдөй окуя болгон. Айгүлдүн күйөөсү бомбага жарылып өлсө, улуу баласын атып кетишкен. Аялга жолдошунун өлгөн видеосун да көрсөтүшкөн. Ал аны бүгүнкү күнгө чейин унута албай жатканын айтып, көзүнө жаш алды. Быйыл төрт баласы менен Казакстанга алынып келген.

Бөтөн согуштагы бөөдө өлүм

Сириядагы аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
19 жолу күйөөгө берип... Сирияда 6 жыл жашап келген казакстандык келиндин баяны
Өзүн Дуйсенкүл деп тааныштырган келин Айгүл сыяктуу согуштан бир эмес эки күйөөсүн тең жоготкон. Аял Сирияда алты жыл жашаган. Анын айтымында, снайпер экинчи күйөөсүн алгач бутка, андан кийин боорго аткан. Күйөөсү жан сыздаткан оорудан о дүйнөгө кете берген. Дуйсенкүл атылган октон, жарылган бомбадан кулагы укпай калганын айтып, жанын сактап калыш үчүн жашынарга жер таппай кайсалактаган күндөр көп болгонун эскерет.

"Чаңдан улам көзүбүз көрбөй, тамагыбыз кургаган күндөр болду. Жегенге тамак болбогондуктан айрымдары ачкадан өлдү", — деди Дуйсенкүл.

Учурда Сириядан келген аялдар менен балдар психологдордун көзөмөлүндө атайын реабилитациядан өтүп жатат. Казакстандын бийлиги Сириядан "Жусан" атайын операциясы менен бүгүнкү күнгө чейин 524 кишини алып келди. Алардын 357си балдар.

Согуш талаасынан эгиз төрөгөн келиндин окуясын окуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0