Димаш президенти Токаевге аялзатынын сулуулугун сүрөттөгөн ыр менен жооп берди

© Sputnik / Владислав Воднев Казахстанский певец Димаш Кудайберген
 Казахстанский певец Димаш Кудайберген - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Димаш эстафетаны Актөбө облусунун акими менен россиялык композитор, продюсер Игорь Крутойго сунган.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Атактуу ырчы Димаш Кудайберген казак акыны менен ойчулу Абай Кунанбаевдин поэзиясын окуган челленджге катышып, ыр окуду.

Эстафетаны ал Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевден алган.

Димаш Instagram аккаунтуна ыр окуган учурун жайгаштырган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Димаш ҚҰДАЙБЕРГЕН (@kudaibergenov.dimash)

Димаш Абайдын "Қақтаған ақ күмістей" деп аталган ырын окуган.

Ырчы эстафетаны Актөбө облусунун акими Ондасын Уразалин менен Россиянын эл артисти Игорь Крутойго жана күйөрмандарына сунган.

Абай-челлендж

Поэзия эстафетасы Ляйлим Шамшырак аттуу окуучу кыздан башталган.

Ал Абайдын ырларын окуп, кезекти Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевге, Маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев менен ырчы Сакен Майгазиевге берген.

Президент кыздын сунушун кабыл алып, "Ғылым таппай мақтанба" деп аталган чыгармасын окуп берген.

Андан соң ыр кезегин эки министрге жана ырчы Димаш Кудайбергенге узаткан.

Эске салсак, 2020-жылы Казакстанда Абайдын 175 жылдыгы белгиленип жатат.

Мындай челлендж Кыргызстанда да болгон. Sputnik Кыргызстан кыргыздын классик акыны Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата уюштуруп, ал Кыргызстандын аймагынан чыгып, чет өлкөгө чейин жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0