Гүлнара Каримова абакта туугандары менен жолукту

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүПоказ GULI, авторского бренда Гульнары Каримовой, на Неделе моды Merсedes-Benz Fashion Week
Показ GULI, авторского бренда Гульнары Каримовой, на Неделе моды Merсedes-Benz Fashion Week - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каримовдун улуу кызына туугандарына түрмөдө жолугуу үчүн түзүлгөн шарттын аркасы менен атайын жай бөлүп берилген.

БИШКЕК, 11- июл. — Sputnik. Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы, эркинен ажыратылган Гүлнара Каримовага абактан эле туугандарына жолугуу үчүн үч күн убакыт берилди. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан жазды.

Анын кайсы туугандары менен жолуккандыгы азырынча белгисиз.

"Эркинен ажыратылгандардын жакындары менен кездешүү укугун камсыздоо максатында Каримовага туугандары менен узак мөөнөткө жолугуу мүмкүнчүлүгү берилген. Тагыраагы, ал 7-10-июль — үч күн аралыгында үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге болду", — деп жазылган маалыматта.

Юстиция министрлигинин кабарында Каримовага туугандарына түрмөдө жолугуу үчүн атайын жай бөлүп берилген.

"Каримованын үй-бүлө мүчөлөрү менен жолугуп жаткан учурунда абакта медициналык тейлөөнүн тиешелүү болбой жана ага басым жасалып жатканы туурасында арыздануулар айтылган жок", — деп кошумчалашкан министрликтен.

Гүлнара Каримова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Каримованын кызы энесинин байлыктары Өзбекстанга кайтарылганын билдирди
Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова мыйзам чегинде чыккан өкүмдүн негизинде жазасын өтөп жатат. Аталган органдын маалымат катчысынын айтымына караганда, ага көрсөтүлүүчү медициналык жардам чектелген эмес.

Эске салсак, Гүлнара Каримова 2015-жылы камакка алынган.

2017-жылы сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан. Андан соң өкүм өзгөртүлүп, 5 жылга алмаштырылган. Кызы Иман жашап жаткан жерде жазасын өтөө чечими кабыл алынып, жазасын өтөп жатканда милдеттеринен кыянатчылык менен баш тартса, сот чечимин өзгөртүшү мүмкүндүгүн айткан.

Андан кийин Каримова сот койгон тартипти бузгандыгы айтылып, жалпы тартиптеги абакка которулган. Ушу тапта ал жазасын мыйзамдык шартта өтөп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0