Тажикстанда соттолгон 14 киши нанга ууланып каза болду

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүКолония для иностранцев ИК-22
Колония для иностранцев ИК-22 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркинен ажыратылгандарды бир жерден экинчи жерге ташып баратканда алардын бири жанындагы 19 кишиге үч бөлкө нан берген.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Тажикстандын түштүгүндө соттолгон 14 эркек жана аял нанга ууланып каза болгонун РИА Новости жазды.

Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын (ЖАББ) билдиришинче, соттолгон 120 эркек кишини жана 8 аялды жаза мөөнөтүн өтөө үчүн үч унаа бир жерден экинчи аймакка жеткирип бара жаткан. Тагыраагы, Коженттен Истаравшанга жана Душанбеден Нурекке алып баруу керек болгон.  

 Белгиленген талаптарга ылайык, аларды ташып бараткан автоунаа жолдон алты жерге токтогон.

Празднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых - Sputnik Кыргызстан
Куда тосушкан. Көлдөгү массалык уулануунун чоо-жайы
Душанбеге жакын жердеги Варзоб районунун Майхура аймагында эркинен ажыратылгандардын бири өзү менен кошо бара жаткан 19 кишиге үч бөлкө нан бергени айтылат. Аны жегенден кийин 16 адамдын башы айланып, куса баштаган. Жарым сааттан кийин аларды түрмөгө жеткиргенде 16сы эсин жоготкон. 

Маалыматка караганда, медиктер экөөнү гана куткарып кала алган, калган 14ү көз жумган.

Уулануу фактысы боюнча Тажикстандын Башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, атайын тергөө тобу түзүлдү. Маалыматта, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштерине баш прокурор Юсуф Рахмон өзү көзөмөл кылып жатканы айтылды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0