05:22 17 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8099
  • EUR77.2028
  • RUB1.0937
Девять групп из числа военнослужащих подразделений министерства обороны Казахстана задействованы в разминировании инфраструктуры города Арыси после серии взрывов боеприпасов на территории воинской части.

Казакстандагы жарылуу: арыстыктардын 50 миң долларлык мүлкү тонолду

© Фото / Официальный сайт Минобороны Казахстана
Азия
Кыскача шилтеме алуу
130 0 0

Арыс тургундарынан укук коргоо органдарына 120дай арыз түшкөн.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Казакстандын жарылуу болгон Арыс шаарынын тургундарынан уурулук боюнча жүздөн ашуун арыз түшүп, тонолгон мүлктүн жалпы баасы 20 миллион теңгенин (52 миң доллардан ашуун) тегерегинде экенин ички иштер министринин орун басары Алексей Калайдичиге таянуу менен Sputnik Казакстан жазды. 

Анын айтымында, азырынча 120 арыз түшкөн. Уурулук шаар тургундары калаадан чыгып кеткенден кийин болгон.

"Талап-тоноочулук жашоочулар эвакуацияланып жатканда да жасалган. Ал учурда эл паникага алдырып, эч нерсеге карабай шаардан чыгып жаткан эле. Биздин маалымат боюнча, уурдалган мүлктүн жалпы баасы 20 миллион теңгенин тегереги", — деди Калайдичи.

Министрдин орун басары кылмыштардын айрымдарынын бети ачылганын кошумчалап, жарылуунун себептери учурда такталып жатканын белгиледи. Ушу тапта шаарда жайгашкан аскер бөлүк көчүрүлүүдө.

Белгилей кетсек, 24-июнь күнү саат 9.20ларда Казакстандын түштүгүндө жайгашкан Арыс шаарындагы №44856 аскер бөлүгүндөгү курал-жарак кампасында жарылуу болгон. Элди ыкчам кызматтын адистери, ИИМ жана Коргоо министрлигинин өкүлдөрү эвакуациялаган. Жарылуудан үч адам көз жумуп, 90го жакын адам ооруканага жаткырылган. Аталган шаарда 43 миң киши жашайт.

Белгилер:
мүлк, аскердик күч, жарылуу, Казакстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ