Казакстандагы 11 миллион кишинин жеке маалыматы интернетке тарап кетти

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүХакер. Архив
Хакер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматтын тарап кеткенин адистер аныктап чыгышкан.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Анализ жана кибер кол салууну изилдөө борборунун адистери 11 миллион казакстандыктын жеке маалыматтары интернетке тарап кеткенин Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Маалыматтардын тарап кеткенин адистер өткөн жумада аныкташканын өздөрүнүн Telegram каналына жарыялашкан.

Эксперттердин айтымында, маалыматтардын бардыгы жаңы. Аларды ниети жамандар өздөрүнүн арам ойлорун ишке ашыруу үчүн колдонушу толук ыктымал экени маалыматта айтылат.

Окуя боюнча санариптик өнүгүү, коргонуу жана аэрокосмикалык өнөр жай министри Аскар Жумагалиев пикирин билдирди.

"Жарандардын маалыматтары интернетте жүргөнүн бүгүн көрдүм. Бул өтө олуттуу маселе. Ал маалыматтардын жаңы же эски экени маанилүү эмес. Окуянын чоо-жайын иликтөөнү тапшырдым. Укук коргоо органдары бул маселени карап жатат", — деди Жумагалиев.

Казак бийлиги жеке маалыматтарды коргоо боюнча чара көрбөгөндөргө жазаны күчөтүүнү пландап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0