Сүрөттөн чыккан ызы-чуу: казак бийлиги чатактын чоо-жайын айтты

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүКаскалар. Архив
Каскалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
29-июнь күнү Казакстандын Тенгиз кыштагындагы нефть иштетүүчү 3GI заводунун миңдей жумушчусу нааразылык акциясына чыгышкан.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Атырау облусунун акими Нурлан Ногаев Тенгиз айылындагы башаламандыктын себеби боюнча өз версиясын айтты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды. 

Аким 30-июнь күнү аталган айылга барган соң нефть иштеткен ири компаниянын жетекчилиги менен жыйын өткөрдү.

"Бул көйгөй эмгек шарттарындагы айырмачылыктан улам келип чыгыптыр. Аны системалык түрдө чечүү керек. Бул үчүн жетекчилик дагы, подрядчылар дагы аракет кылуусу зарыл. Биз тараптан колдоо болот", — деди Ногаев.

Аким инвесторлор Казакстандын аймагында иш алып барып жаткан соң, мыйзам чегинде жана эч кимдин атуулдук беделине шек келтирбей иштеши керектигин кошумчалады.

Ал эми ишкана жетекчилиги аталган кырдаалды жөнгө салуу үчүн болгон аракеттерди көрүүгө даяр экенин билдирди.

Тенгиздеги башаламандык

Вид склада боеприпасов после взрывов в городе Арысь на юге Казахстана. 25 июня 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Казакстандагы жарылуу: Арыстын тургундары үйлөрүнө кайта баштады
29-июнь күнү Казакстандын Тенгиз кыштагындагы нефть иштетүүчү 3GI заводунун миңдей жумушчусу нааразылык акциясына чыгышкан. Буга чет элдик жигиттин соцтармакка жарыялаган сүрөтү себеп болгон. Анда чет элдик колуна рация кармап турат, ал эми анын антеннасы жигиттин артында турган казак кызынын ооз тушуна келип калган. Кийин белгилүү болгондой, сүрөттөгү кыз дагы компаниянын кызматкери болуп чыкты. Көп өтпөй казак кызы менен сүрөткө түшкөн эркек кечирим сураган.

Казакстан ИИМинин билдирүүсүнө караганда, учурда аталган аймакта абал туруктуу. Полиция "Ээнбаштык" беренеси менен сотко чейинки тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0