Көлөмү таң калтырат! Пекинде дүйнөдөгү эң чоң аэропорт курулду. Видео

© AFP / STRНовый международный аэропорт Дасин в Пекине
Новый международный аэропорт Дасин в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дасин аэропортунун пайдубалы 2014-жылы 26-декабрда түптөлүп, курулуш иштери 2016-жылы 15-мартта башталган.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Кытайдын борбор калаасы Пекин шаарында дүйнөдөгү эң чоң Дасин аэропортунун курулушу толугу менен аяктады. Бул тууралуу CGTN телеканалы билдирди.

​Долбоордун жетекчиси Ли Цзяньхуанын айтымында, Дасин аэропорту бир гана аба майданы эмес, өлкөнүн эң ири транспорттук хабы болуп саналат. Анын курулушуна 60 миллиарддай доллар сарпталган.

​Аэропорттун ачылыш аземи Кытайдын 70 жылдыгынын алдында 30-сентябрда болот. Курулуш иштери өлкө лидери Си Цзиньпиндин жеке көзөмөлүндө.

​Дасин аэропорту Пекиндин түштүгүндө, 46 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул аба майданын куруунун негизги максаты - Шоуду эл аралык аэропортундагы каттамдарды жеңилдетүү болуп саналат. Эки аэропорттун ортосу 67 чакырымды түзөт. Дасин аэропортунун пайдубалы 2014-жылы 26-декабрда түптөлүп, курулуш иштери 2016-жылы 15-мартта башталган.

​Жаңы аба майданында учуп-конуучу төрт тилке бар. Бир жылда 620 миң каттамды кабыл ала алат. План боюнча 2025-жылга карата аэропорт 72 миллион кишини тейлөөгө мүмкүнчүлүгү бар. Аэропорт 25 футбол аянтынын ордуна барабар. Курулушту долбоорлоо ишине белгилүү архитектор Заха Хадид да катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0