Гүлнара Каримованын Өзбекстанга чынында канча акча кайтарганы айтылды

© AFP / Amy Sussman / GETTY IMAGES NORTH AMERICAГүлнара Каримова. Архив
Гүлнара Каримова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандын Финансы министрлиги Гүлнара Каримова 1,2 миллиард долларды мамлекетке кайтарды деген маалымат боюнча комментарий берди.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Өзбекстандын Финансы министрлиги Гүлнара Каримованын мамлекетке канча акча кайтаргандыгын айтып берди. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан жазды.

Буга чейин Гүлнара Каримованын кызы Иман Каримова Instagram баракчасына энесинин 1,2 миллиард долларлык активдери мамлекетке кайтарылгандыгын жазган эле. Анткен менен министрлик башка маалыматтарды таратты.

Министрликтин билдиргенине караганда, 2018-жылы аталган иш боюнча бюджетке баш-аягы болуп 20,2 миллион доллар түшкөн. 2019-жылы бул сан 11,8 миллион долларды көрсөткөн. Бардык сумманы кошо келгенде Өзбекстанга кайтарылган акчанын көлөмү болжол менен 32 миллион доллар деп айтылды.

Отель Mandarin Oriental в Париже  - Sputnik Кыргызстан
Менин атам — президент! Саясатта атасынын оң колуна айланган кыздар
Буга чейинки маалыматтарда Өзбекстандын прокуратурасы чет өлкөлүк өнөктөштөр менен Гүлнара Каримованын чет жактагы активдерин алып келүү боюнча иштер жасалып жаткандыгы айтылган.

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова мыйзам чегинде чыккан өкүмдүн негизинде жазасын өтөп жатат. Аталган органдын маалымат катчысынын айтымына караганда, ага көрсөтүлүүчү медициналык жардам чектелген эмес.

Эске салсак, Гүлнара Каримованы камакка 2015-жылы алышкан.

2017-жылы сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан. Андан соң өкүм өзгөртүлүп, 5 жылга алмаштырылган. Кызы Иман жашап жаткан жерде жазасын өтөө чечими кабыл алынып, жазасын өтөп жатканда милдеттеринен кыянатчылык менен баш тартса, сот чечимин өзгөртүшү мүмкүндүгүн айткан.

Андан кийин Каримова сот койгон тартипти бузгандыгы айтылып, жалпы тартиптеги абакка которулган. Ушу тапта ал жазасын мыйзамдык шартта өтөп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0