БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Казакстан парламентинин мажилиси менен сенатынын (төмөнкү жана жогорку палата) депутаттары бюджетке өзгөртүү киргизүү муктаждыгынан улам каникулга чыгуу мөөнөтүн узартышты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Андан сырткары, жашоо минимумунан аз каражат тапкан жарандарга насыя берүүгө тыюу салынат. Өлкөнүн каржы министри Алихан Смаиловдун айтымында, президенттин жарлыгын ишке ашырууга 105 миллион теңге (277 миллион доллардан ашык) керектелет.
Мажилистин төрагасы (төмөнкү палата) Нурлан Нигматулин 2019-2021-жылдардын республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн каникулду узартуу чечими кабыл алынганын айтты.
"Сенаттагы (жогорку палата) кесиптештер менен чогуу кеңешип, алтынчы чакырылыштын төртүнчү сессиясын 5-июлга чейин узартууну чечтик", — деди Нигматулин.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын парламенти 27-июлда жайкы каникулга чыккан.