Казакстандагы жарылуу: Арыстын тургундары үйлөрүнө кайта баштады

© REUTERS / HANDOUTВид склада боеприпасов после взрывов в городе Арысь на юге Казахстана. 25 июня 2019 года
Вид склада боеприпасов после взрывов в городе Арысь на юге Казахстана. 25 июня 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апта башында Казакстандын түштүгүндө жайгашкан Арыс шаарындагы аскер бөлүгүндөгү курал-жарак кампасында жарылуу болгон.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Бүгүн Арыс шаарынын тургундары үйлөрүнө кайта баштады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Тургундарды кайрадан өз шаарына автобус менен алып келүү иш-чарасын алар эвакуацияланган Шымкент шаарынын жетекчилиги уюштурду.

Буга чейин Туркестан облусунун башчысы Умирзак Шукеев шаар толугу менен жарылуучу каражаттардан тазаланганын билдирген.

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев менен жолугуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: Казакстандагы өзгөчө кырдаалды жоюуга жардам берүүгө даярбыз
Үйлөрүнө кайткан тургундар менен полиция, куткаруучу, дарыгер жана психологдор иштеп, эл өзүнө келгиче жардам берип турушат. Ошондой эле жергиликтүү бийлик турак жайлардын учурдагы абалын текшерип жүрөт. Облус жетекчисинин айтымында, мамлекет элдин чыгымын толтуруп берет.

Белгилей кетсек, 24-июнь күнү саат 9.20ларда Казакстандын түштүгүндө жайгашкан Арыс шаарындагы №44856 аскер бөлүгүндөгү курал-жарак кампасында жарылуу болгон. Элди ыкчам кызматтын адистери, ИИМ жана Коргоо министрлигинин өкүлдөрү эвакуациялаган. Жарылуудан үч адам көз жумуп, 90го жакын адам ооруканага жаткырылган. Аталган шаарда 43 миң киши жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0