Казакстандагы жарылуу: Арыс шаарындагы өрт толук чектелди

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКомандно-штабные учения на стадионе "Казань-Арена"
Командно-штабные учения на стадионе Казань-Арена - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин Арыста радиация (нурлануу) жок экендигин билдирген.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Арыс шаарында өрт толугу менен чектелгенин Sputnik Казакстан агенттиги коргоо министринин орун басары Бахыт Курманбаевге шилтеме берип жазды.

Анын айтымында, негизги көчөлөр менен аянттардын бардыгы текшерилип, тазаланды. Аскер кызматкерлери 500дөй шаймандын калдыктарын табышкан.

"Үйлөрдүн короосун текшеребиз. Шаарга кирүүгө тыюу салынды. Бул нерсени түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз. Биз үчүн эң башкысы — Арыстын жашоочуларынын коопсуздугу", — деди министрдин орун басары.

Өзгөчө кырдаалдар комитетинин башчысы Владимир Беккер тынчсызданууга себеп жок экендигин, абал көзөмөлгө алынып жатканын белгилеген.

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев менен жолугуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: Казакстандагы өзгөчө кырдаалды жоюуга жардам берүүгө даярбыз
"Социалдык тармактарда тарап жаткан «адамдар дайынсыз жоголуп жатат» деген маалымат туура эмес. Ооба, башында айрымдар жакындары менен байланыша албай, ата-энелер балдарын жоготушкан. Бирок учурда бардыгы табылды. Ошондой эле «суу сактагычта жарылуу болгон» деген кабар дагы чындыкка дал келбейт", — деген Беккер.

Казакстандын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин Арыста радиация (нурлануу) жок экендигин билдирген.

"Адистер шаарды дезинфекциялашты. Таштанды контейнерлери, объектилер жана коомдук жайлар тазаланат. Канализациянын ишин тыкыр көзөмөлдөйбүз. Арыс шаарынын эпидемиологиялык абалын коопсуз деп сыпаттоого болот", — деп билдирген Бекшин.

Аймактын жетекчиси Умирзак Шукеев жабыркагандарга жардам көрсөткөн эвакуациялык пунктуларды күчөтүлгөн тартипте иштөөгө тапшырма бергенин белгилеген. Ал казакстандыктарды Арыс шаарынын жашоочуларына жардам бергени үчүн ыраазычылык билдирип, объектилердин бардыгы иретке келтириле турганын убадалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0