"Эгер тирүү калбасам...". Казакстандагы жарылууда аскердин ыйлап жаздырган видеосу

Жазылуу
Казакстандын Арыс шаарындагы аскер кызматкери "кокус каза болуп калсам" деген ойдо ата-энесине кайрылуу видео тартып койгон.

Видео YouTube каналына жүктөлдү.

Взрыв в казахстанском городе Арысь - Sputnik Кыргызстан
Казакстандагы жарылуу: автоунаасына снаряд түшкөн киши каза болду
Кадрдан уюлгуган кара түтүндү, атышуу болуп жаткандай үндөрдү угууга болот. Аскер кызматкери "эгер каза болуп калсам... ата-энем, мен сиздерди жакшы көрөм", - деп көзүнө жаш алган.

Эске салсак, 24-июнда эртең менен Казакстандын куралдуу күчтөрүнүн ок-дары сакталган жайы жарылган. Аталган арсенал Түркстан облусунун Арыс шаарына жакын жайгашкан. Маалыматтарга караганда, алгач өрт чыгып, андан соң курал-жарак турган жайга өткөн деп айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0