Казакстан менен Өзбекстан Аралдын түбү боюнча чек арасын аныктайт

© Sputnik / Утарбеков / Медиабанкка өтүүАрал деңизинин түбү. Архив
Арал деңизинин түбү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тараптар мурдагы деңиздин түбү менен демаркациялык иштерди жүргүзмөкчү.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Казак-өзбек мамлекеттик чек араны демаркациялоо соолуп калган Арал деңизинин түбүндө жүргүзүлмөкчү. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Маалыматтар эки өлкөнүн демаркация боюнча биргелешкен комиссиясынын Жизак облусунда болгон кезектеги жыйынында айтылган.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, коңшу өлкөлөр демаркациялык иштерин Аралдын кургап калган бөлүгүндө жүргүзүүгө макулдашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0