Токаев Казакстандагы митингдердин себебин айтты

© REUTERS / Mariya GordeyevaАкция протеста против президентских выборов в Алматы
Акция протеста против президентских выборов в Алматы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын президенти акция учурунда мыйзамсыз кармалган жарандар коё берилерин белгиледи.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Казакстандын жарандары материалдык жактан кыйналгандыктан митингге чыгып жатат. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаевдин айтканын Sputnik Казакстан жазды.

9-июнда президент болуп шайланган Токаев Euronews телеканалына интервью берип, өлкөдө болгон митингдер боюнча суроолорго жооп берген.

Анын айтымында, демонстранттардын талаптары анализденип жатат.

"Негизинен талаптар социалдык маанайда. Алар эл жакырланып кеткенин айтышууда. Ошондой эле өкмөттөн социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүнү талап кылып жатышат", — деди Токаев.

Церемония совместного фотографирования глав государств – членов ШОС - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Токаевдин жеңиши кандай мааниге ээ экенин айтты
Ал ошондой эле коомчулуктун коопсуздугуна залакасын тийгизбеген жарандар жакында коё берилерин кошумчалады.

"Бийлик талаптарды укту. Биз бул боюнча иштейбиз. Мага маалымдашкандай, кокусунан эле кармалып калгандар дагы бар экен. Биз алардан, албетте, кечирим сурайбыз жана тез арада коё беребиз", — деди президент.

Журналист "Шайлоо таза өткөн жок деп жөн эле айтып койгондор эми эмне болот?" деген суроо узатты.

"Албетте, алар дагы коё берилет. Анткени алар ошондой деп ойлойт. Мисалы, мен шайлоо таза өттү деп эсептейм. Ушул эле", — деди Токаев.

Президент РФ В. Путин принимает участие в заседании Совета глав государств – членов ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте 12 өлкөнү бириктирген ШКУ саммити. Тексттик трансляция
Ал ошондой эле Башкы прокуратура санкция берилбеген митингдердин мыйзамсыздыгын бир нече ирет эскерткенин, башаламандык акцияга катышкысы келбегендерге тоскоолдук кыларын кошумчалады.

Эске салсак, Казакстандагы шайлоо учурунда Алматы менен Нур-Султандын көчөлөрүнө жүздөгөн адам митингге чыккан. Эки шаардан миңге чукул киши кармалган. 13-июнга карата атайын жайларда 180 адам калган. Президент акция болуп жаткан жерге кокустан барып калгандарды коё берүү тапшырмасын берген.

Токаев президенттик шайлоодо жарандардын добушунун 70,96 пайызын алып, жеңишке жетишкен. Казак президенти учурда Бишкекте өтүп жаткан ШКУ саммитине катышууда. Sputnik Кыргызстан саммитти түз алып берүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0