Токаев президенттикке киришери менен бүт облус башчылары кызматтан кетти

© Sputnik / Владислав Воднев / Медиабанкка өтүүИнаугурация избранного президента Казахстана К.-Ж. Токаева
Инаугурация избранного президента Казахстана К.-Ж. Токаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Нур-Султан, Алматы, Шымкент жана 14 облустун акимдерин, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилерин, мамлекет башындагы жооптуу кызматкерлерди отставкага кетирүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Назарбаев бир күндө эки наам алып, кызы Дариганын кесиптеши болуп калды
Маалыматка караганда, жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Казакстандын Конституциясынын 87-беренесинин 5-пунктуна ылайык, жаңы президент ишке киришкенден кийин жогорку кызматтагылар ээлеген ордунан бошотулат. Алар жаңысы дайындалганга чейин милдетин убактылуу аткарып турат.

Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы бүгүн, 12-июнда өтүп, расмий түрдө президенттик кызматка киришти. Ал 10-июнда ЖМКнын өкүлдөрү менен болгон брифинг учурунда өкмөт отставкага кетпей турганын айткан. Бирок кадрдык алмашуулар болорун белгилеген эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0